Тамашоу жаштар лигасын ачуу идеясы 2008-жылы пайда болгон. Буга чейин орусча КВН бар экендиги маалым, бирок кыргыз тилинде ойносок деген каалоо тилек күчтүү эле. Ошол кездеги «Браво» теледолбоорунун алып баруучусу, КВН чемпиону Эрмек Нурбаев жана атактуу оюнчу, редактор Арслан Ибрагимовдун

ою бир жерден чыгып, лиганы ачууга белсенип киришет. Маркетинг, анализ, документтерди тууралоо жагынан Тилек Нурбаев байкебиздин салымы чон.

Азыр ал башка өлкөдө кызматта жүргөнүнө карабастан ар бир оюнубузга келип катышып, сын- пикирлерин айтып турат. Биздин эн чон колдоочубуз, арка жологубуз, апкаарып турганда шам чырак болуп алдыга жетелеген бир адам- Кыргыз Республикасынын Биринчи Коргоо Министри, генерал майор Уметалиев Жаныбек Асанбекович, Эрмектин таякеси эле. Кыргызстан үчүн, келечек үчүн чон иш кылышын керек деп идея берген ушул киши. Тилекке каршы, биринчи сезондун жабылышына күбө болуп, эртеси, 30- май куну бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Жаныбек Асанбековичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлккө сакталат…

Ошентип, иш башталганда оорчулук, ортодон капа кылган татаал маселелер чыкпай койгон жок. Дос, тууган, жакын- санаалаш адамдардын колдоосу менен алгачкы кадам шилтенди. Максатыбыз тил өнүктүрүү болгондуктан кыргыз тил жагынан жардам керек эле. Буга чейинки достук мамилебиз уланып, кыргыз тилин мыкты билген Нурзат Токтосунованы командабызга чакырдык.

Командаларды топтоп, жонго салып, түшүндурүү иштерин жүргүзүү иштерин биз мурдатан билген Нурлан Жаныбеков гана кынтыксыз алып кете алмак. Мезгил өтүп, орус колобогуна кыргыз калпагын кийгизип, кыргызча сүйлөтүп баштадык. Бир чөйрөдө айланып, бир казанда кайнап жүргөндүктөн биз билген балдар өз командаларын түзүп, катарыбызга кошулду. Алгачкы оюндар «Сейтек» борборунда жана КТРдин концерттик залында өтүп, тез эле кызыгуу жарата алды. Азыр төртөөбүз ынтымакта, келечекке ишенимдүү карап, алдыга умтулуудабыз